Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

ТИМ: Москвада жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Москва аймагы. 2026-жылдын 18-июну.
Москва аймагы. 2026-жылдын 18-июну.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украина аскерлеринин Москва шаарын жана Москва облусунун аймагын аткылоосунан кийинки жарылуу, өрт жана башка чукул кырдаалдар учурунда жабыркагандар арасында кыргызстандык жарандар жок экенин 19-июнда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, жабыркагандар катталган жок, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин дарегине да кайрылуу келип түшкөн эмес.

Мурдараак Москвадагы элчиликтин өкүлү Айымкан Кулукеева Фейсбуктагы баракчасына "балдарынын келечеги үчүн кооптонгонун айткан бир жаран документтерди тактоо мөөнөтүн сурап кайрылганын" жазган.

18-июнга караган түндө жана таңга жуук Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Орусиянын борбор калаасы Москва шаарына жана Москва облусуна учкучсуз учактар менен жапырт сокку урган. Бутага мунай иштетүүчү заводдор, энергетикалык объекттер алынган.

Ракета соккуларынан улам Москвада жана Подмосковьеде жарылуулар болуп, өрт чыккан.

Соккудан кыргызстандыктар көп иштеген "Садовод" базары жабыркаганы кабарланган.

Дрон соккулары урулган учурларды кыргызстандык жарандар да тасмага түшүрүп, соцтармактарга жарыялашкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-июнь түнү жана таңында украиндер жалпы өлкө аймагына 992 дрон, алыска учуучу канаттуу төрт ракета жана 10 авиабомба менен чабуул койгонун расмий билдирген.

Жалпысынан 17 киши жараат алганы расмий кабарланган.

ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.(ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG