Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү тартиби уюштурулууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, "Бала ырысы" жөлөк пулун берүү тартибин уюштуруу Саламаттык сактоо министрлигине, Президеттин иш башкармалыгына жана "Түндүк" акционердик коомуна тапшырылды.

Аталган мамлекеттик органдар баланын туулгандыгы тууралуу маалыматты мекемелер аралык электрондук система аркылуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине убагынан кечиктирбей бериши керек.

Үч жашка чейинки балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү, асыроочулары) "Бала ырысы" жөлөк пулун социалдык макамына карабастан ала аларын медицина кызматкерлери төрөт үйүнө барганда, эмдөө жүргүзгөн учурда же баладан кабар алыш үчүн барган айтып, түшүндүрүүгө милдеттүү болот. Токтом 1-июлдан тартып күчүнө кирет.

1-июлдан тартып Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга "Бала ырысы" деп аталган жөлөк пул бериле баштайт. Жөлөк пулдун өлчөмү - 1200 сом. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG