Президент Садыр Жапаров Эдилбек Тажимырзаевди Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Азамат Турдубековду дайындады. Бул тууралуу маалымат 19-июнда жарыяланды.
Тажимырзаев бул кызматка быйыл 31-мартта эле дайындалган. 41 жаштагы Турдубеков мурда Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп иштеген.
Президент Жапаровдун 19-июнда жарыяланган дагы бир жарлыгы менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков кызматтан алынып, ордуна Азамат Намазалиев дайындалды.
Саргазаков бул кызматты 2025-жылдын март айынан бери аркалап келди. Жаңы дайындалган аким Намазалиев мурда Токмок шаарынын вице-мэри болуп иштеген.
Мындан бир күн мурун президент Жапаров Манас шаарынын мэри Абдипата Маткасимовду кызматтан алган жана Ноокат районунун акимин алмаштырган.
Шерине