АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс Иран менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Швейцарияга барбай калганына "логистика маселеси" себеп болгону айтылды.
Ак үй "логистикалык маселеге" таянып билдиргендей, Вэнс 19-июнга белгиленген Иран менен түз сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Швейцарияга сапарын кийинкиге калтырды. Эки күн мурда эки өлкөнүн президенттери Жакынкы Чыгышта согушту токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон.
"Бул сүйлөшүүлөрдүн логистикасы эч качан жөнөкөй же мурунтан белгилүү болгон эмес", - деген Ак үй өкүлүнүн сөзүн AFP келтирди.
Азырынча сүйлөшүүлөр качан өтөрү белгисиз, пландар так макулдашыла элек.
Ирандын Tasnim агенттиги Тегерандан Швейцарияга баруучу делегация боюнча "эч нерсе тастыкталбаганын" маалымдады.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан төрт айлык согушту токтотуу боюнча документке 17-июнда кол коюшкан.
Убактылуу келишимге ылайык, Тегеран менен Вашингтон 60 күндүн ичинде Ирандын өзөктүк программасына, АКШнын Тегеранга карата санкцияларына байланыштуу бир чечимге келиши керек.
18-июндагы маалымат жыйынында Вэнс 60 күндүк мөөнөт башталганын билдирген.
"60 күндүк мөөнөт расмий түрдө бүгүн башталды деп айтар элем", - деди Вэнс.
Мурдараак тараптардын макулдашуусуна 19-июнда Женевада кол коюлары, ага АКШ тараптан вице-президент Жей Ди Вэнс жана эки тараптан тең жогорку деңгээлдеги дипломаттар катышары кабарланган.
Шерине