Ормуз кысыгы ачылып, кемелердин кыймылы жанданганын АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 18-июнда маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, ачылгандан тартып бир сутка ичинде кысык аркылуу 12,5 млн тонна мунай ташылып өттү.
"Бул жаңжал башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч", - деп белгиледи Вэнс. Ал Ирандын аскерлери "эки түндөн бери" кысыктагы кемелерге сокку урбаганын кошумчлады.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы 18-июнда америкалык аскерлер Ирандын портторуна жолду бөгөттөөнү токтотушканын билдирген.
"Америкалык аскерлер Иран порттору аркылуу кемелердин өтүүсүнө жана чыгуусуна жолтоо болушкан жок. АКШнын блокада аракеттери токтотулду", - деп жазылган билдирүүдө.
17-июндун кечинде АКШ менен Ирандын президенттери өз ара түшүнүшүү меморандумуна аралыктан кол коюшкан. Жей Ди Вэнстин сөзүнө караганда, меморандумдан кийинки тараптардын акыркы бүтүмгө жетишүүсүнүн 60 күндүгү расмий башталды.
Шерине