Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Талант Мамытов 2022-жылы спикерликтен кандай жагдайда кеткенин айтты

Талант Мамытов
Талант Мамытов

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 18-июнда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына катышып жатып 2022-жылы парламент төрагалыгынан кандай жагдайда кеткенин айтып берди. Мындай чечимине Жогорку Кеңештин имаратына “курал-жарак алынып киргени” негизги себеп болгонун билдирди.

“Бул маселени ошол кезде көтөрө турган учур эмес эле. Баткен облусундагы окуялар болуп, жалпы саясий кырдаал да жакшы эмес эле. Кээ бир учурда саясатчылар саясий упай топтоого эмес, мамлекеттин келечегин да ойлоп, жеке амбицияларды басып, туура кадам жасашка аракет кылуубуз керек. Ошондой окуялар болгон. Бул боюнча ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулунун да сүрөтү чыгып кеткен”, - деди Мамытов.

Ал ошол кезде депутаттар ич ара кеңешип, саясий жагдайды эске алып, маселени көтөрүүнүн кереги жок деп чечишкенин айтты. Бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп-жүргүзбөөнү тиешелүү мекемелер чече турганын, жеке өзү ал маселени козгоого каршы экенин кошумчалады.

2020-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Талант Мамытов 2022-жылы ноябрда спикерлик кызматты өз эрки менен тапшырган. Мындай чечим Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу маселе парламентте жабык каралгандан кийин кабыл алынган.

Бул жыйынга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Жыйында депутаттар менен кайым айтышуу болуп, “аларга курал-жарак таратуу аракети болгону” айтылып келет.

Талант Мамытов былтыр Жогорку Кеңешке шайлоого №13 округдан талапкер болгон. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаган жана мурдагы талапкерлердин кайра ат салышуусуна уруксат берген эмес. 13-февралда БШК бул чечимин да жокко чыгарып, баштапкы добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, мыйзам бузган деп табылган талапкер Бакыт Сыдыковдун ордуна Талант Мамытовго мандат ыйгарган.

Президент Садыр Жапаров ошондон үч күн мурда, 10-февралда Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан алган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG