Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Аскар Акаев президент Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берилиши керек деп эсептейт

Аскар Акаев Ысык-Көл эл аралык форумунда. Чолпон-Ата шаары. 2026-жылдын 19-июну.
Аскар Акаев Ысык-Көл эл аралык форумунда. Чолпон-Ата шаары. 2026-жылдын 19-июну.

2005-жылдагы элдик толкундоодон соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандагы "экономикалык кереметин" улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровду кыргыз эли дагы колдошу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 19-июнда Ысык-Көл форумунда сүйлөп жатып айтты.

Ал Садыр Жапаровду эл кыйын кырдаалда шайлаганын, бүгүнкү күнү экономика өсүшкө түшкөнүн, социалдык тармактарда да жашоо жакшырганы көрүнүп турганын билдирди. Акаев өлкөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалап, муну "кыргыз экономикалык керемети" деп атады:

"Кыргыз эли учурдагы президент Садыр Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" ишке практикалык түрдө ашырууга кошумча мандат берсе, дайым боло келгендей эле, кеменгерлик кылат эле деп эсептейм. Сиздер жакшы билесиздер, "экономикалык керемет" кеминде 8-10 жылды талап кылат", - деди Акаев.

Кыргызстанды 15 жылдан ашуун башкарган Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы март ыңкылабында кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.

Өлкөгө келе албай жүргөн Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

2024-жылы сентябрда Акаев экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Мурдагы президент өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айтып келет. (ZKo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG