Украинада президент Владимир Зеленский Польшанын Ак бүркүт орденинен ажыратылгандан кийин бул өлкөдөн алган сыйлыктарынан башка да украин жетекчилери баш тартууда.
Президенттик кеңсе башчысы Кирилл Буданов "Польшанын алдындагы эмгеги үчүн" офицердик сыйлыгынан баш тартканын 20-июнда билдирди. Аны Польша бийлиги Будановго бир жыл мурда тапшырган. Кеңсе башчысы расмий Варшаванын соңку чечимин украиндерге карата "дос эмес" мамиле жана "москвалык агрессор үчүн белек" деп атап, Украина башка элдерге тарыхты кантип таануу керектигин үйрөтүүгө умтулбай турганын, бирок ошол эле учурда өзүнүн улуттук эс-тутумун жана ар-намысын сактоого укуктуу экенин айтты.
Украинанын Польшадагы элчиси Василий Боднар да Польша бийлигинен алган сыйлыкты кайтарып берип жатканын жарыялады. Ал Варшава Орусия согуш ачкан күндөн тартып украиндерге кол сунуп, жардамын аябаганын, Польша украин эли үчүн дос, союздаш жана өнөктөш экенин, бирок "орусиялык агрессияга каршы эрдик менен күрөшүп, жалпы Европанын тынчтыгына кам көрүп келаткан" Зеленскийдин сыйлыктан ажыратылышы жалпы элге катуу тийген окуя болгонун айтты.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Польшанын чечимин "стратегиялык ката" деп атап, 2022-жылы алган "Польшанын алдындагы эмгеги үчүн" ардак белгисинен баш тартканын билдирди.
26-майда Зеленский украин Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн бирине "Украин көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УПА) баатырлары" атындагы ардактуу наам ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койгон. Польшада УПАны Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Волын кыргыны жана поляк калкын жапырт өлтүрүүгө жооптуу деп эсептешет.
19-июнда Польшанын президенти Карол Навроцкий Владимир Зеленскийди өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы болгон Ак бүркүт орденинен расмий түрдө ажыраткан. Ал Киевдин "УПА баатырлары" деген наамды аскер бөлүгүнө ыйгаруусу поляктардын тарыхый баалуулуктарын кемсинтерин билдирген, бирок Польша Украинаны Орусияга каршы согушта колдоону уланта берерин айткан. Ал эми Польшанын мурдагы лидери Лех Валенса Зеленскийдин чечимине нааразылык иретинде украин желеги бар төш белгисин чечип салган.
Шерине