Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:14

Студенттерге каттоого турууга жеңилдик берилет

Президент Садыр Жапаров "Ички миграция тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Документти Жогорку Кеңеш 13-майда кабыл алган.

Мыйзамдагы өзгөрүүлөрдө башка шаарлардан келип окуган студенттерге каттоого турууга жеңилдик берилет. Алар жашаган жерине өздөрү окуган окуу жай администрациясынын өтүнүчүнүн негизинде каттоого тура алат. Жеңилдик өлкө ичинде зарылчылыктан улам убактылуу жер которууга аргасыз болгон ички мигранттарга да каралган. Алар жергиликтүү бийлик органдарынын өтүнүчү менен жашаган жерине каттоого туруу укугуна ээ болот.

Мыйзамдын 20-беренесине ылайык, жарандарды каттоодон чыгаруу боюнча бирдиктүү эреже мындан ары Министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

Мыйзам алты айдан кийин күчүнө кирет. Бул аралыкта Министрлер кабинет тиешелүү мыйзам актыларын жана чечимдерди жаңы нормаларга ылайыкташтырып иштеп чыгууга тийиш.

Президент Садыр Жапаров жогорку окуу жайларда бюджеттик квота менен окуган студенттерди ротациялоо болорун, бул эмдиги жылдын сентябрынан башталарын билдирген. Алар үчүн атайын жатаканалар, студенттик шаарчалар куруларын белгилеген. Муну өлкөдөгү түндүк-түштүк деген бөлүнүүчүлүктү тыюу, жол бербөө максаты деп түшүндүргөн.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG