Израил менен "Хезболланын" ортосундагы тынчтык келишимине карабастан Израилдин Ливандагы соккусунан бир күндө бери дегенде дагы он киши каза тапты. Ливандын улуттук маалымат агенттиги NNA 20-июнда билдиргендей, Израилдин аскерлери аскердик учактар жана учкучсуз учактар менен өлкөнүн түштүгүндөгү жана Бекаа өрөөнүндөгү бир нече районго чабуул койду.
Израилдин армиясы "Хезболланын" аткылоосуна жооп чара көрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, түн ичинде Ливандын түштүгүндөгү израилдик аскерлерге 50дөн ашуун снаряд атылган, ошондуктан алар "Хезболланын" турумдарына жооп иретинде сокку урушкан.
"Хезболла" – Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия. Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Израил менен "Хезболланын" ортосундагы тынчтык келишими 19-июнда күчүнө кирген. Ливандагы аскердик операцияны токтотуу АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы негизги шарттардын бири. АКШ жана Израил Иранга 28-февралда чабуул койгондон кийин "Хезболла" 2-мартта Тегеранга колдоо катары Израилдин аймагын аткылаган. Израилдин армиясы ошол замат Ливандын түштүгүнө жана анын борбору Бейрутка катуу сокку урган. Израилдин аскерлери Ливандын түштүк райондорун ээлеп алышкан.
Ливандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2-марттан бери Израилдин соккуларынан 3912 адам каза тапты, алардын арасында көптөгөн аялдар, балдар жана куткаруучулар бар. Израил, өз кезегинде, 32 израилдик аскер жана төрт жайкын тургун каза болгонун билдирүүдө.
Шерине