Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:14

"Кытай полициясы кармап кеткен атамдан дайын жок". Жазуучунун уулу казак бийлигинен жардам сурады

Женис Ырысканулы Шинжаңдагы казак сатириги, жазуучу. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт.
Женис Ырысканулы Шинжаңдагы казак сатириги, жазуучу. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт.

2016-жылы мартта Шинжаңда жашаган казак жазуучусу Женис Ырысканулуну кытай полициясы кармап кеткен. Ошондон бери анын Казакстанда турган балдарына атасынын тагдыры белгисиз. Жазуучунун уулу Нартай Женис Казакстандын бийлигине кат жазып, жардам сурады.

Нартай Женис Алматы облусунда жашайт. Ал үч айдан бери атасынан кабар ала элек. Нартайдын айтымында, Шинжаң-Уйгур автономиясынын бийлиги 57 жаштагы атасына өткөн жылдан тарта басымды күчөткөн. Ушул жылдын 19-мартында сатирик-жазуучуну үйдөн белгисиз тарапка алып кетишкен. Жергиликтүү полиция Женис Ырысканулыны кайсы ишке айыптап жатканын түшүндүргөн эмес.

Жазуучу Шинжаңдын Хами шаарындагы түрмөдө жатканы жакындарына расмий эмес булактар кабарлашкан. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери бул иш боюнча Кытайдын Казакстандагы элчилигине расмий кат жөнөттү. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бээжинге атайын кат жолдогон.

Экөөнө тең азыркыга чейин жооп келе элек. "Азаттык" менен маегинде Женис Нартай кырдаал кайсы маалда кооптуу болуп кеткенин айтып берди.

"Азаттык": Нартай мырза, "Азаттыкка" жөнөткөн катыңызда Шинжаңдагы атаңызга кысым мурда эле башталганын жазыпсыз. Качан, кайсы маалда башталганын тактай аласызбы?

Нартай Женис: 2025-жылдан бери Кытайдын жергиликтүү бийлиги атам Женис Ырысканулыны текшерүүлөрдү себеп кылып негизсиз кармай баштады.

Атам анын айынан бир, кээде үч күн жок болуп кетчү. Кээде жумалап дайыны чыкпай калат. Бирок сөзсүз үйгө кайтып келчү. Мен аябай санаа тартып жүрдүм, бирок атам мени тынчтандырып жүрдү.

"Баары жакшы болот, мыйзам деген адилеттүү, адамдар баарын териштирет" деп ишенчү. Ошондой сүйлөшүүлөрдүн биринде "Сен эми эрезеге жеттиң, биз үчүн кейибей өз жашооңду жаша" деп калды.

Бул кармоолор 2026-жылдын мартына чейин уланды. Андан кийин байланыш үзүлдү. Эч кандай расмий документти, негиздемени көргөзүшкөн жок. Мен бардык инстанцияга кат жөнөтө баштадым, адегендеКазакстандын президентине, Тышкы иштер министрлигине, Кытайдын Астанадагы элчилигине жаздым. Жооп күттүм. Тилекке каршы, эч ким байланышпады. Астанадагы АКШ элчилигине да кат жаздым, ал жерден менин кайрылуума көңүл бурушту.

"Азаттык": Атаңызды эмнеге алып кетишиптир?

Нартай Женис: Так себебин билбейм. Туугандарымдын айтышынча, жергиликтүү чиновниктер оозеки гана "бул адамдын радикалдуу идеялары бар экен, анын сөздөрү мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч келтирет" дешиптир. Тагыраагы, атам туура эмес көз караштарды жайылткан, бирок анысын ырастаган документти эч ким көрсөткөн жок.

Женис Ырысканулы үй-бүлөсү менен.
Женис Ырысканулы үй-бүлөсү менен.

"Азаттык": Ким алып кеткени белгилүү да? Азыр атаңыз кайда?

Нартай Женис: Аны жергиликтүү полиция алып кетиптир. Атам Шинжаң-Уйгур аймагында жашайт. Ал жакта Баракөл-Казак району бар. Бизге белгилүү болгондой аны Хами шаардык аймагындагы түрмөдө кармап турушат.

"Азаттык": Кытайда жакындарыңыздан дагы кимдер бар?

Нартай Женис: Апам эле. Ал 1972-жылы туулган. Атам 1968-жылкы.

"Азаттык": Апаңыз менен байланыш барбы?

Нартай Женис: Апам менен байланышып турам. Жалпыга белгилүү болгондой Кытайда интернет бөгөттөлгөн. Биз кытай өкмөтү катуу көзөмөлдөгөн WeChat мессенжери менен байланышабыз. Ал-жай сурашып, аба ырайыны сураганыбыз менен чечилип сүйлөшө албайбыз. Бир гана жолу апам "Атаңды алып кетишти, баары жакшы болот. Бизде баары жайында, кам санаба. Эптеп чечилип калар" деди. Ушуну гана айтты.

"Азаттык": Ата-энеңиз эмне менен алектенет?

Нартай Женис: Апам Баркөл аймагындагы №3 орто мектепте иштейт. Мугалим эмес, жатакананын кароолчусу. Атам Баркөл маданият үйүнүн жупуну кызматкери.

Женис Ырысканулы жубайы жана кызы менен.
Женис Ырысканулы жубайы жана кызы менен.

"Азаттык": Сиздин эжеңиз Кытайга атаңызды издеп барыптыр. Бир кабар алган бекен?

Нартай Женис: Чынын айтсам, бул мен үчүн тобокелдүү кадам болду. Башка жолду көрбөдүм. Катуу кайгыдан улам апам ооруп калды. Эжем, Казакстандын жараны кайсы бир убакка чейин жанында болсун, биротоло атамдан да кабар ала келсин дедим.

Ал жергиликтүү полиция башкармалыгына барып, "Менин атам кайда?" деп сураган экен. Бирок ага жооп беришпептир. Маалымат берүүдөн баш тартылды деген документти да сураган экен. Андан деле майнап чыкпады. Полиция жолукмак турсун телефон чалууларына да жооп берген эмес. Акыры эжем бул жакка кайтып келди, атам тууралуу кошумча маалымат алуу аракетибиз текке кетти.

Женис Ырысканулы жубайы жана балдары менен Астанага келген учуру.
Женис Ырысканулы жубайы жана балдары менен Астанага келген учуру.

"Азаттык": Эжеңиз экөөңүз Казакстандын жараны экенсиздер. Тарыхый мекениңизге качан кайтып келдиңиздер эле?

Нартай Женис: Казакстанга 2017-жылы университетке тапшырганда келгем. Ошондон бери ата-энем менен жашабайм. Жалгыз уулу болгондуктан 2011-2012-жылдары бул жакка келип турушту. Андан кийин атама өлкөдөн чыгып уулу же туугандары менен көрүшүүгө тыюу салышты, атам Баракөл району караган Хами аймагынан да чыга албай калды. Үрүмчү же башка шаарга барса, полиция кызматкерлери же бийлик өкүлдөрү чалып "Эмнеге барасың? Кайда жөнөдүң? Эмне үчүн алдын ала айтпадың?" деп сурап турушчу. "Мындан кийин кайталанбасын" деген эскертүү дагы беришкен. Факт түрүндө атама олуттуу чектөөлөр коюлган.

"Азаттык": Өзүңүз эмнеге Кытайга барбадыңыз?

Нартай Женис: Эгер мени кармашса, ким издейт? Аялым, үч балам жана эжем кантип жашайт? Ким багат аларды? Ушуларды ойлоп эле Кытайга барбайм. Кээде ата-энемди такыр көрбөй каламбы деген ойлор келет. Биз обочодо эч ким көзгө илбей калган адамдайбыз. Эч ким жардам бербейт.

Женис Ырысканулы Шинжаңдагы казак сатирик-жазуучусу.
Женис Ырысканулы Шинжаңдагы казак сатирик-жазуучусу.

Адамдык жана атуулдук укуктарыбыз, кызыкчылыктарыбыз корголгон эмес. Эч кайда кайрыла албайбыз. Айталы, менин кичинекей уулум мектептен келип "Мени ыза кылышты" десе мугалимге балам бир балээге кабылганын, буга ал капа болуп жатканын айтам да. Бул жакта деле ушундай мамиле. Биздин өлкөнүн Борбор Азияда жана дүйнөдө кандайдыр бир таасири бар. Кошуна мамлекеттер менен алакабыз жакшы. Алардын жарандары визасыз келет, көчөдө кытай номерлери менен машинелер толтура. Эки өлкөнүн мындай тыгыз байланышынан кийин мен Казакстан атайын кайрылуу жолдоп, атамды издейби деп ойлогом. Бирок баары башкача болду. Биз унутулган адамдардайбыз.

"Азаттык": Атаңызга коюлган расмий айыптоо жоктугуна карабай ал тууралуу эмне айта аласыз? Ал мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетиргендей эмне кылды эле?

Нартай Женис: Бул карандай калп. Менин атам жөнөкөй эле сатирик-жазуучу, адамдарды жылмаюуга аргасыз кылган адам. Ал балдар адабиятын жана сатиралык чыгармаларды жазчу. 13 китептин автору, анын 11и мамлекеттик басмаканалардан чыгып, өз окурмандарын тапкан. Айрым чыгармалары кытай тилине которулуп, жарык көргөн. Кытайдын жазуучулар жана Шинжаңдын жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Хами аймагындагы жазуучулардын бирлигинин төрагасы болуп иштеп келген. "Хами өрөөнү" башкы адабий журналынын казак редакциясында редактор эле. Ушундай адам кантип радикалдуу идеялардын алып жүрүүчүсү болсун? Бир чеки иш кылса, ага айыбын түшүндүрүшсө болмок. Бирок баары үндөбөй турат. Анткени атам эч кандай чекилик кетирген эмес.

Казак сатирик-жазуучусу Женис Ырысканулынын Кытайда басылган китептери.
Казак сатирик-жазуучусу Женис Ырысканулынын Кытайда басылган китептери.

"Азаттык": Андай болсо атаңызды эмнеге кармады деп ойлойсуз?

Нартай Женис: Анткени ал казак интеллигенти болчу. Ошон үчүн гана.

"Азаттык": Казакстандын кайсы мамлекеттик органдарына кайрылдыңыздар? Эмне тууралуу сурандыңыздар?

Нартай Женис: Менин талабым жөнөкөй эле, атам кайда экенин билгим келет. Мен ата-энемдин кашында башка адамдардай эле жашоону каалайм. Балдарым чоң ата, чоң энесинин тизесинде отуруп, алар неберелерин кучактап, үй-бүлөдөй жашагым келет. Кээде мага ата-энесиз өткөн он жыл жашоомдон кайсы бир чоң бөлүктү жулуп алгандай сезилет.

Мен бир гана нерсени - кытай бийлигинин атамды бошотушун, Казакстанга келип биз менен чогуу жашоого уруксат беришин каалайм. Бул тууралуу Казакстандын президентине, Тышкы иштер министрлигине, эл аралык укук коргоо уюмдарына жана Кытайдын төрагасына жолдогон ачык катта жазгам. Кийлигишип, жардам беришин сурангам. Ушул кезге чейин эч кандай жооп алган жокмун. Мени менен эч ким байланышпады.

Ага карабай атамды таап, бошотмойунча күрөшө берем. Кытай мыйзамдарында ар бир адам дин тутуу жана сөз эркиндигине ээ экени айтылган. Бирок атама келгенде эмне себептен абакта кармалып отурганын биле албадым. Казакта улак жоголсо да издейт да. Казакстандын бийлиги биздин жаран эмнеге кайгырып, атасы эмне үчүн камалып, туугандарына эмнеге эч кандай документ көрсөтпөй жатат деп кызыгабы деп ойлогом. Бийлик өкүлдөрү жооп берип, мамлекет өз жарандарынын кызыкчылыгын коргойт деп ишенгем. Бирок ким менин үй-бүлөмдүн, ушундай кырдаалда калган башка адамдардын үнүн угат? Эч ким бул абал канчага созуларын, эртең эмне болорун билбейт. Чындап эле мен ата-энемди көрбөй каламбы? Бул ойлор мени сансыз санаага салып, үрөйүмдү учурат.

"Азаттык": Алматыдагы КЭРдин консулдугунун алдына сизге окшоп жакындары Кытайдагы лагерге камалган адамдар чыкты эле. Алар түшүндүрмө талап кылганы менен көйгөй чечилген эмес. Казак бийлигинин позициясы: Шинжаңдагы камалган адамдар Кытай жарандары. Сиздин ата-энеңиз дагы кытай жарандары. Мындай учурда Казакстан жардам бере алат деп ойлойсузбу?

Казак жазуучусу Женис Ырысканулы (солдон үчүнчү) адабий сыйлык алгандар менен чогуу турат.
Казак жазуучусу Женис Ырысканулы (солдон үчүнчү) адабий сыйлык алгандар менен чогуу турат.

Нартай Женис: Ооба, мен жакындарынын тагдыры тууралуу маалыматты билүү үчүн Кытай консулдугунун алдына чогулгандар тууралуу уккам. Бирок мага белгилүү болгондой алар көздөгөнүнө жетпей калган. Мен Кытай консулдугуна атамдын сүрөтүн көтөрүп, талап коюп чыккан күндө да бир нерсе өзгөрүп кетеринен күмөн санайм. Анын ордуна бул менин өзүмө жана Казакстандагы үй-бүлөмө көйгөй жаратабы деп чочулайм. Көйгөйдү өз алдынча чечүү мүмкүн экенине ишенбейм. Бирок мамлекетибиз эл аралык коомчулуктун өкүлү катары өз жарандарынын жакындары тууралуу маселе көтөрсө, кайсы бир расмий аракеттер болсо, жыйынтык сөзсүз болот деп ишенем. Азырынча андай аракетти көрө элекмин.

Азаттык: Апаңыз менен азыр да байланыш барбы?

Нартай Женис: Ооба. Биз апам эгер беш саат ичинде билдирүүмө жооп бербесе, аны издей баштайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Бийликтин апамды камоого эч кандай себеби жок болсо дагы. Ал орто мектептин жөнөкөй кароолчусу, үй-бүлөсү жана чарба иштери менен алек болгон адам. Эгер аны да кармап кетишсе, аягы эмне менен бүтөрүнөн корком... Азыр бири-бирибиз менен байланыштабыз. Ар бир эки саатта жүрөкчө жиберип, аман-эсен экенин билип турам. Ал мага ушундай жүрөкчө менен жооп кайтарат. Сүйлөшүүбүз ушуну менен кармалып турат.

Куржундар
XS
SM
MD
LG