Мындан 40 жыл илгери өткөн алгачкы форумда Батыштын көрүнүктүү кишилери активдүү катышса, бул жолку “Цивилизациялык бурулуш доорундагы дүйнө: келечекке бирге” деп аталган жыйындын катышуучуларынын тизмесинен Чыгыштан келген окумуштуу, жазуучуларды көрө алдык.
Айталы, форумга Нобель сыйлыгынын лауреаты, кытайлык жазуучу Мо Янь жана 92 жаштагы белгилүү кытай жазуучусу Ван Мэң келди. Андан сырткары британдык тарыхчы жана окумуштуу Питер Франкопан, италиялык атактуу архитектор Лаура Перетти сыяктуу таанымал кишилер бар.
“Айтматов биздин бактыбызга Евразия мейкиндигинде интеллектуалдык талкуу салтын негиздеген экен. Биз ошону улантып жатабыз. Ушул түрдүү саясий түзүлүштөрдүн өкүлдөрү чогулуп, өз көйгөйлөрүн айтып, бири-бирин уга билиш керек. Диалог деген эмне? Бул сүйлөө гана эмес, бирөөнүн чыдап, сабырдуулук менен уга билүү маданияты. Мына ошонун үлгүсүн Ысык-Көл форуму көрсөтүп жатат деп ойлойм”,- деди Кыргызстандын мамлекеттик катчысы, форумду уюштуруунун башында туруп жаткан Арслан Капай уулу Койчиев.
Дүйнөдө Давос экономикалык форуму, Мүнхен конференциясы сыяктуу эл аралык саясатты, коопсуздукту талкуулаган ондогон аянтчалар бар.
Кыргызстан кыйла жылдан бери жазуучу, ойчулдардын, окумуштуулардын башын кошкон Ысык-Көл форумун аянтча катары таанытууга умутулууда.
Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев "Азаттыкка" курган маегинде форумдардын бардыгы мүнөзү, багыты, концепциясы жагынан экономикага, социалдык, экологиялык маселелерге, климаттын өзгөрүшүнө байланышканына токтолду:
"Лондондо билим форуму гана гуманитардык чөйрөгө жакыныраак. Бирок бир дагы өлкөдө биздин Ысык-Көл форумундай интеллектуалдык иш-чара жок. Мына, азыр дүйнө өтө чыңалып турат. Ошондуктан бүгүн адамзатты ойлонтуу үчүн туура сөз керек. Кыргызстан ушул платформаны интеллектуалдардын ордосуна айлантса болот. Себеби, бизде, биринчиден, Айтматов бар, анын идеясы бар. Ошондуктан кыргыз өкмөтүнө кайрылат элек. Бул Ысык-Көл форумун салттуу өткөрүп туруу керек. Азыр дүйнөгө сөз керек, ошол сөз сактайт дүйнөнү. Бири-бирин таануу, диалог сактайт да. Ошондуктан Ысык-Көл форумунун ээлеген орду өтө зор".
Форумдун масштады, албетте, Айтматовдун ысымы менен байланыштуу. ХХ кылымдагы кыргыздын дүйнөгө таанылган залкар жазуучусу жана ойчулу калтырган мурас, анын жазгандарынын мына азыр актуалдуулугу артууда дейт мажар чыгыш таануучусу, түрколог Давид Кара Шомфаи.
Адамзат бет келген экологиялык көйгөй, гуманизм кризиси, маңкуртчулук сыяктуу маселелер жазуучунун негизги көтөргөн темасы эле. Анын соңку “Кассандра тамгасы” романындагы азыр адамзат бет келип жаткан маселелер тууралу сөз болгон.
"Айтматов негиздеген форумга Мажар жергесинен келип катышып жатам. Мен үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде 40 жыл мурун Айтматов негиздеген форумдун өтүп жатышынын өзүнчө чоң мааниси бар. Ал киши мага “Давид менин бир мажар тилине которулбаган эки аңгемем бар” деди. Бири “Чыңгызхандын ак булуту” экен. Экинчиси “Кайрылып куштар келгенче” деп аталат. Ал кишинин көзү тирүүсүндө муну орундатып үлгүрдүм. Форум жөнүндө айтсак, Айтматов белгилегендей адам болуу эң кыйын жана эң чоң милдетибиз. Кыргыз өнөр алды кызыл тил деген. Андай коомдор жок болуп кетет. Азыркы жаштардан байкап жатабыз. Адамдар бири-бири менен эмес, жасалма интеллект менен сүйлөшүп жатат. Андай болгондо болочокто биз компьютер менен эле сүйлөшүп калабызбы? Андай заман келсе жалпы адамзатка чоң коркунуч. Санарип дүйнөдө биз мына экөөбүзгө окшоп, бет маңдай, көзмө-көз баарлашуубуз маанилүү. Бул өлкөлөр үчүн деле ушундай”, - деди мажар чыгыш таануучусу, түрколог Давид Кара Шомфаи.
18-июнда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышында президент Садыр Жапаров 40 жыл мурдагы форумда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун келечек муунга кам көрүп, Жер шарындагы элдер ынтымакта жашашы керек деп айткан сөзүн келтирди.
"Ооба, бүгүнкү замандын интеллектуалдары өз-өзүнчө дүйнөнү экологиялык жана технологиялык туңгуюктан куткаруунун жолун, айласын издеп жатышат. Бирок бирдиктүү, өзөктүү, жоопкерчиликтүү жана таасирдүү сунуш чыга элек. Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда Ысык-Көл форумуна үмүт артып, иштиктүү гуманисттик натыйжалардын күтүлүшү дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек, 40 жылдыгы белгиленип жаткан бул форумдун миссиясы дагы тереңде жатат".
Президент Жапаров дүйнөдөгү согуштардын жана экологиялык кризистердин фонунда адамзатка чакырык жасалып, өлкөлөр арасындагы чыр-чатактарга эл аралык уюмдарды тартуу платформасын түзүү, жасалма интеллекттин адамзаттын бакубат жашоосуна пайдаланылуусу боюнча реалдуу чечимдер сунушталарына үмүт артарын айтты.
Форумда Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу тууралуу дагы сөз кылганын академик Осмонакун Ибраимов билдирди:
“40 жыл башта Ысык-Көлдө дүйнө уга турган сөз айтылган эле. Эми ошол сөздү дагы кайталап айтуу өтө зарыл болуп турат. Себеби азыр дагы дүйнө кудум ошондогудай акыбалга кайра келүүдө. Чоң державалардын ортосунда кагылыш, тиреш боло тургандай чыңалуу бар. Баарыбыз тынчсызданып турган кезде Ысык-Көл форумун чогултуп жатканыбыз биз үчүн чоң мөөрөй. Бул бир жагынан Кыргызстан үчүн кадыр-барк, имиж деп коёбуз. Кечээ көп сөздөр айтылды. Орусия менен Украинанын ортосунда беш жыл бою төгүлүп жаткан канды токтотуу тууралуу сунуш болду. Эл аралык уюмдарга кайрылалы, бир нерсе жасаш керек, конкреттүү кадамдар болушу керек дедик. Эми дүйнөдө баары эле ошо президенттердин колу менен чечиле бербейт. Ага коомчулуктун пикири да өтө маанилүү".
Ысык-Көл жээгиндеги форум эл аралык коомчулуктун көңүлүн канчалык өзүнө бура алат? Ал жагын айтуу кыйын. Белгилүү публицист Эсенбай Нурушев белгилегендей, "бул форум маалымат майданында талкууланып, демек, кыйыр түрдө сөзсүз таасири болот".
Мындан 40 жыл илгери, 1986-жылы Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумун негиздеп, ошол кездеги СССР аймагындагы союздук өлкөлөрдө тил, эркиндик ураандары күчөгөн маал эле. Дүйнө дагы эки лагерге бөлүнүп, өзөктүк куралдануу деген маселе күчөп турган. Андагы форумга жыйырмага чукул XX кылымдын көрүнүктүү ишмерлери, ойчулдары катышып, адамзаттын болочогу, алдыдагы коркунуч, чакырыктар тууралуу пикир алышкан.
Андан кийинки бир нече форум масштабы жагынан буга жете бербеди. Кыргызстандын бийлиги быйылкы мааракелик форумдун негизги максаты Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санарип реалдуулукка ылайыкташтыруу экенин белгилөөдө.
Уюштуруучулар форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтуларын маалымдаган.
Шерине