Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун текшерүүгө уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө киргизилген мораторийден тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөөгө компетенттүү органдар - Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл мекемелери чыгарылды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, быйыл 14-марттагы - ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндөгү жарлыгына өзгөртүү киргизди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемелерине калктын саламаттыгы үчүн тамак-аштын сапатын жана коопсуздугун текшерүү үчүн ишкерлерди текшерүүгө расмий түрдө укук берилди.

Жарлык жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары текшерүүгө тыюу салынган. Президент Садыр Жапаров 18-февралда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөгөн.

Кыргызстанда күндүн ысышы менен тамак-ашка уулануу көп катталат. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында тамак ташуучу компанияларга жана коомдук тамактануучу жайларга эскертүү берген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG