Орусиялык аскерлердин 20-июнга караган түнү Полтава шаарына жана облусуна урган соккусунан эки адам мерт болду. Алардын биринин сөөгүн 20-июндун кечинде уранды алдынан таап чыгышты, экинчиси ооруканада каза болду. Дагы 14 адам түрдүү жаракат алды, арасында алты бала бар. Такталган маалыматтарды Полтава облустук аскердик администрация башчысы Виталий Дякивнич жарыялады. Жергиликтүү бийликтер тастыктагандай, сокку эки ишканага тийди, имараттар жана жакын жайгашкан үйлөр жабыркады.
Полтава облусунда соккудан бир нече жерде өрт чыкканын Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы кабарлады.
Днепропетровск облусунда бир киши мерт болуп, тогузу жаракат алды. Орусиялык дрондордун, авиабомбалардын жана артиллериянын соккусуна Никополь жана Синельник райондору, ошондой эле Кривой Рогго жакын жердеги Грушев кабылганын облустук аскердик администрация башчысы Александр Ганжа жазды.
Харьковдо орусиялык дрон Киев районундагы 12 кабаттуу үйгө тийгенин шаардын мэри Игорь Терехов маалымдады. Харьков облусунда орусиялык дрон соккусу автоунаага тийип, бир аял мерт кеткен, ар кайсы райондо дагы 13 адам жаракат алганын Украинанын Улуттук полициясы билдирди.
Сумы облусунда орусиялык чабуулдардан кеминде беш үй жабыркады.
Украинанын Улуттук полициясы Херсондо орусиялык дрон чабуулунан 40 жаштагы киши мерт болуп, дагы жети адам түрдүү жараат алганын билдирди.
Чабуулдан түн ичинде Кропивницкиде өрт чыкканын, адамдар жабыркабаганын Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы кабарлады.
Запорожье облусунда орусиялык соккудан 20-июнда беш адам мерт болду, 12 адам жаракат алды. Украин Чукул кырдаалдар кызматынын маалыматында, 12 көп кабаттуу үй, социалдык объекттер, менчик үйлөр жана автоунаалар жабыркаган. Бул чабуул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский да маалымдады.
Билдирүүлөргө караганда, сокку Преображенск көпүрөсүнө да тийип, кыймылга чектөө коюлган. Орусиялык аскерий телеграм каналдар көпүрө "иштен чыкканын" жазышты, маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
21-июнга караган түндө жалпысынан Орусия Украинага "Искандер-М"/С-400, эки аэробаллистикалык "Кинжал" ракеталары жана 105 дрон менен сокку урду, анын 90у атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрү маалымдады.
Орусиянын армиясы соккуну комментарийлеген жок. Көз карандысыз маалыматтар жок.
Шерине