Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Сары-Челек көлү.
Сары-Челек көлү.

22-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймктарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күңдүз 21…26

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күңдүз 20…25

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21-июнда эртең менен 20,0° түздү.


Шерине

XS
SM
MD
LG