Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

Акаев президенттин мөөнөтүнө байланыштуу сөзүнө түшүндүрмө берди

Аскар Акаев. Ысык-Көл. 2026-жыл.
Аскар Акаев. Ысык-Көл. 2026-жыл.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Ысык-Көл эл аралык форумунда президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү демилгеси тууралуу сөзүнө түшүндүрмө берди.

Ал “Азаттыктыктын” суроолоруна жооп берип жатып, форумга аны мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу чакырганын, президенттин мөөнөтүнө байланыштуу айткан сөзүн коомчулук туура эмес түшүнүп алганын айтты. Андан тышкары, журналисттерге “Жакшы сурансаңар Кыргызстанга келем” деп тамашалап жооп берип койгонун кошумчалады.

“Төрт жыл эч кимдин каршылыгы жокпу? Эми экинчи мөөнөткө шайланууга мыйзам, Конституция боюнча Садыр Нургожоевичтин укугу бар да. Мыйзам ченемдүү, Конституцияда жазылган экинчи мөөнөткө шайланса дагы беш жыл иштейт да. Ошондо 9-10 жыл болот. Ушул убакытта экономикалык керемет жасалып калат. Мен ошону айтып жатам”, - деди ал.

19-июнь Ысык-Көл эл аралык форумунда сөз сүйлөгөн Аскар Акаев Кыргызстан соңку беш жылдыкта болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, электр станциялардын курулушун мисал кылган. Ал “муну улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровго кошумча мандат бериш керектигин, “экономикалык керемет” кеминде 8-10 жылды талап кыла турганын” билдирген.

Коомчулукта бул сөз талкуу жаратып, Аскар Акаев Конституцияга каршы келген демилгени көтөрүп жатканын, форумдун негизги маңызы эмес саясий маселе биринчи орунга чыгып кеткени сынга кабылды.

Кыргызстанды 15 жылдай башкарган Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы март ыңкылабында кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт. Өлкөгө келе албай жүргөн Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Конституциялык сот “Садыр Жапаровдун алты жылы биринчи мөөнөтү катары эсептелет” деген түшүндүрмө берген.

Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

2025-жылы Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG