АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 21-июнда Ирандын делегациясы менен Пакистан жана Катардын катышуусунда күтүлүп жаткан сүйлөшүүгө катышары күтүлүп жаткан Швейцарияга келди.
Сүйлөшүүлөр Бүргеншток шаарында өтүп жатат. Шаарга Ирандын жана арачы өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишкени кабарланды. Бир күн мурда, Иран бийлиги Ливанды Израилдин аткылоосуна жооп катары Ормуз кысыгын жапканын жарыялагандан кийин, сүйлөшүүлөр коркунучка кептелген. Вэнс, бирок АКШдан учардын алдында Иран чындыгында кысык аркылуу кемелердин өтүшүнө кайрадан тоскоолдук кыла баштаганынын эч кандай белгилери жок экенин айткан.
Ирандын делегациясын парламент төрагасы Мухаммад Галибаф жетектейт, арасында тышкы иштер министри Аббас Аракчи бар. Америкалык делегациянын курамында президент Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер бар. Алар Швейцарияга мурдараак келишкен. Ошондой эле Швейцарияга Пакистандын премьери Шахбаз Шариф менен фельдмаршал Асим Мунир – негизги арачылар да келишти.
Вэнстин сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр бир эле күн болбойт жана анда эки маселеге - Ирандын өзөктүк программасына жана Ливандагы кырдаалга токтолушат.
Апта ичинде кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму согуштук аракеттерди, анын ичинде Израил "Хезболла" согушкер тобуна каршы күрөшүп жаткан Ливанда да токтотууну, ошондой эле өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүү үчүн 60 күн убакыт берет. Бул убакта Ормуз кысыгы ачык бойдон турушу керек.
Иран сүйлөшүүлөрдө Израил Ливандын түштүгүнөн аскерлерин чыгарып кетиши керек деп басым жасоодо. Израил ок атышууну токтотууга макул экенин, бирок Израилдин түндүгүн аткылоолордон коргоо үчүн аскерин чыгарууга макул эместигин билдирүүдө.
АКШ администрациясынын өкүлдөрү Вэнс да, акыркы убактарда Израилди аткылоону улантып жатканы үчүн сындап келишти. Израил "Хезболланын" соккуларына жооп кылып, сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Шерине