Аламүдүн районундагы жайыттарга автоунаасы жана эндуро-мотоциклдер менен кирип барып, жер кыртышына зыян келтирген айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымдады.
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн рейд учурунда Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосундагы жайыт жерлерге автоунаа, эндуро менен кирип барган жарандарды аныктаган.
Мекеменин маалыматында, жарандар жер кыртышына, чөп катмарына жана айлана-чөйрөгө зыян келтиришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бузуулар кодексинин беренелери боюнча жети протокол түзүлүп, жалпы 38,5 миң сомдук айып пул салынган. Автоунаалар жана эндуро-мотоциклдер жайыттан чыгарылган.
Айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жоопкерчилиги эскертилди.
Кыргызстандын жайыттарына жергиликтүү жана чет өлкөлүк жарандар жол тандабас автоунаалары жана эндуро-мотоциклдери менен кирип барып, жаратылышка зыян келтирген учурлар арбын. Андайлардын айрымдары соцтармактарга сүрөт, видео жарыялагандан кийин коомчулуктун нааразылыгынан кийин аныкталып, жоопкерчиликке тартылышкан.(ZKo)
Шерине