Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:22

“75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду

“75чилердин каты” боюнча иште айыпталып жаткандар. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 22-июнь, 2026-жыл. Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев.
“75чилердин каты” боюнча иште айыпталып жаткандар. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 22-июнь, 2026-жыл. Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев.

22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди.

Сунушту Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдоду. Дагы бир айыпталуучу Курсан Асанов каршы чыгып, жараянды ачык өткөрүүнү талап кылды. Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров Курсан Асанов сөздү укпай тартипти бузду деген негизде аны сот залынан чыгарды.

Дагы башка айыпталуучулар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев сотту ачык өткөрүүнү улантууну колдоду. Жыйынтыгында судья ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.

Шектүүлөрдүн адвокаттары 11-июндагы жараянда ишти ачык кароо тууралуу өтүнүч берип, ал канааттандырылган жана 15-июндан баштап сот ачык өтүп, ага журналисттер да катышып, сүрөт-видеого тартып жаткан.

Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (BTo/DSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG