Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:21

Окуучулары ууланган медресе айыпка жыгылып, убактылуу жабылды

Кыргызстандагы медреселердин бири. (архив)
Кыргызстандагы медреселердин бири. (архив)

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы медреседе тамакка ууланганын айтып, ооруканага кайрылган адамдардын саны 58ге жетти.

Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 23 адам ооруканага жаткырылды, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Буга чейин оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бир бейтаптын абалы жакшырганына байланыштуу палатага которулду.

Окуучулары ууланган Абдуллах ибн Масъуд атындагы медресени Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору убактылуу жаап, жалпы 41 миң сом айып салды.

Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, балдар 16-июнда ууланган, ооруп кыйналганын айткан балдар үйлөрүнө жиберилген.

"Балдар 16-июнда таңкы тамак маалында оливье салат жешкен. Андан кийин ичи ооруганын айткандарды медреседеги мугалимдер үйлөрүнө таратып жиберишкен. Жугуштуу оорулар ооруканасына алар үйлөрүнөн, "оливье жедик" деп келишкен. 18-июнга караган түндө саат түнкү 12:00дон тарта кайрылган балдар көбөйө баштаганда гана алардын медреседеги тамактан ууланышканы аныкталды. Эртеси биз барганда медресенин ашканасында балдар жеген оливье калбаптыр, башка тамак-аштын үлгүлөрүн алып, лабораториялык иликтөөгө бердик. Жыйынтыгы бир жумада чыгат. Ал эми медресенин ашканасында талаптагыдай шарт жоктугунан улам, убактылуу жаптык", - деди Курманова.

Арча-Бешиктеги эркек балдардын медресесинде окуган балдар тамакка ууланганына даттанып, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Алгачкылары 18-июнда түнкү саат 12:00лерден тартып кайрыла баштаган.

Студенттери тамакка ууланганы айтылып жаткан медресенин жетекчилиги окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда күндүн ысышы менен тамак-ашка ууланган учурлар көп катталат. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында тамак ташуучу компанияларга жана коомдук тамактануучу жайларга эскертүү берген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG