Баткен: Селден улам Ош-Исфана жолундагы үч көпүрөнү суу каптады, каттам кайра жанданды

Баткен шаары, 22-июнь 2026-жыл

22-июнда түштөн кийин Баткен районунун Кара-Булак, Булак-Башы тоолорунда жааган жаандан улам Баткен шаарынын борборунда сел жүрдү. Ош-Исфана жолундагы үч негизги көпүрөнү суу каптап, каттам бир нече убакытка токтотулду. Кийин бир көпүрөдөн машиналардын өтүүсүнө уруксат берилди.

Шаардагы бир катар турак жайлардын короосуна суу кирди.

Жеринде куткаруучулар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иштеп жатат.

Баткен шаар мэриясынын басма сөз катчысы Аскарбек Баймуратовдун маалыматына караганда, жабыркаган кишилер жок, материалдык чыгымдын өлчөмү аныкталууда.

20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүргөн.

Анын кесепетинен эки үй авариялык абалга келип, алардын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү. (JsА)

Дагы караңыз

Орусия Кара деңиздеги үч кемени аткылап, Египеттин жараны мерт болдуТургунбек уулу “парламентте айтылган маалыматтар жалган” экенин билдирди"75чилердин соту": Асанов залдан чыгарылды, Абылгазиев көрсөтмө берди