Парламенттин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Дүйшөн Төрөкулов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Маалыматты “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады. Райондук соттун маалыматына ылайык, анын бөгөт чарасы 19-июнда каралып, 30-июнга чейин камакка алуу чечими чыккан.

Экс-депутатты камакка алуу өтүнүчүн сотко ИИМдин тергөөчүсү берген жана ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен кине тагылган.

Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп кармаган. Ошол эле жылдын март айында үй камагына чыккан. Ал иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.

Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Дүйшөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал.

Ал 2021-жылы 11-мартта “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып коюлган айыпка макул эмес экенин айткан. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Согушта каза болгон орусиялыктардын кеминде 227 миңинин тек-жайы аныкталды Абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ден соолугу начарлаганы айтылдыБаткен: Селден улам Ош-Исфана жолундагы үч көпүрөнү суу каптады, каттам кайра жандандыОрусия Кара деңиздеги үч кемени аткылап, Египеттин жараны мерт болдуТургунбек уулу “парламентте айтылган маалыматтар жалган” экенин билдирди