23-июнда Вашингтондо Ливан менен Израилдин өкүлдөрүнүн жаңы айлампадагы сүйлөшүүлөрү башталат.
Reuters агенттиги жазгандай, Бейрут түз сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин билдирген.
Ливандын расмий өкүлдөрү Израил менен бетме-бет сүйлөшүүлөр март айынан бери уланып жаткан согушту токтотууга жардам берет деп эсептешет.
Бирок апрель айынан бери өткөн сүйлөшүүлөрдүн төрт жолку айлампасы туруктуу ок атышууну токтотуу келишимине алып келген жок.
Ливан сүйлөшүүлөрдө Израилдин түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кетүү мөөнөтүн талкуулоону көздөөдө. Бирок Израил бийлиги аскерлер азырынча аймакта кала турганын билдирип келет.
Өз кезегинде Израил сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты катары "Хезболланы" куралсыздандырууну жана Ливан менен толук кандуу тынчтык келишимине жетишүүнү атады.
Израил өкмөтүнүн өкүлү Давид Менцер Ливан менен келишим түзүүгө тоскоол болуп жаткан негизги фактор "Хезболла" экенин билдирди.
Иран колдогон "Хезболла" кыймылы Ливандын түштүгүнүн көп бөлүгүн көзөмөлдөйт. АКШ бул уюмду террордук деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок саясий канатына мындай макам берген эмес.
Ливандагы таасирдүү куралдуу топ куралсыздануудан баш тартып, өкмөттү Израил менен түз сүйлөшүүлөрдү токтотууга чакырууда.
Эксперттердин пикиринде, АКШ менен Ирандын келишими аймактагы чыңалууну убактылуу басаңдатканы менен, Ливан менен Израилдин позицияларында азырынча олуттуу жакындашуу байкала элек.