Кыргызстан жана Өзбекстан соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты

Кыргыз жана өзбек өкмөт башчылары Адылбек Касымалиев жана Абдулла Арипов. Чолпон-Ата, 2026-жылдын июну.

Кыргызстан менен Өзбекстан соода мамилесин өнүктүрүп, 2030-жылга карата 2 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 23-июнда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-отурумунда билдирди.

“2025-жылдын аягына карата өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашкан, бул 2024-жылга салыштырганда 19% көп көрсөткүч болгон. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү”, — деди Адылбек Касымалиев.

Отурум эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда өттү. Анда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорт жана гуманитардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду чогуу ишке ашырууга жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзбек тарап кызыкдар экенин белгиледи.

Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда мындан тышкары Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун иши талкууланып, анын уставдык капиталын көбөйтүү маселеси коюлду. Биргелешкен долбоорлор, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна өзгөчө көңүл бөлүндү.

Отурумдун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтык протоколуна кол коюлду.

Кыргызстан Өзбекстан менен үч (Баткен, Жалал-Абад жана Ош) облус аймагынан чектешет. Эки өлкөнүн чек ара маселеси 2025-жылы толук чечилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Кегети суусуна агып кеткен алты жашар бала изделүүдөКазакстан: Жүзүн толук жаап жүргөнү үчүн бир жылда 1,5 миңден ашуун адам жоопко тартылдыБрексит: Он жылдан бери тынчыбаган талаш "75чилердин каты". Ташиев сотто көрсөтмө бердиЛиван менен Израилдин ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр башталат