"Жер төлөдөгү буюмдар агып кетти". Баткендеги селдин чыгымы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

22-июнда катуу жааган жамгырдан кийин Баткен облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп, турак жайларды, көчөлөрдү жана инфраструктураны каптады. Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын 23-июнда райондук бийлик маалымдады.

Президент Садыр Жапаров аймактагы абалдан кабар алып, жабыркагандарга жардам берүү боюнча тапшырмаларды бергени кабарланды.