Саясатчы Азимбек Бекназаров 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатат. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын уулу Руслан Бекназаров ырастады. Ал атасы кайсыл иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз экенин, бирок атайын кызматта банк кутучаларына байланыштуу буга чейин козголгон кылмыш иши бар экенин айтты.
2024-жылы УКМК Азимбек Бекназаровду “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен айып койгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 4-ноябрында Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эркиндикке чыгарган.
Саясатчы 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.
Ал “Кемпир-Абад иши” боюнча да кармалып, кийин Биринчи май райондук сотунда жана Бишкек шаардык сотунда акталды.
Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган.
Ал жакында эле “Политклиника” порталына берген маегинде 2020-жылдагы Октябрь окуясына байланыштуу да суроолорго жооп берген. Саясатчы “Октябрь окуясын революция деп эсептебей турганын, себеби Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматын тапшыруу арызын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги төрагасы жаздырып алганын” айткан.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы бийликтен кантип кеткени тууралуу биринчи жолу комментарий берип, президенттик кызматтан кетүү чечимин ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганын, аны эч ким кыйнабаганын айтты. (BTo)