Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 24-июнда парламентте билдирди.
Ал Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоо мыйзам боюнча январь айынын акыркы жекшембисинде өтөт деген жобо "январь айынын акыркы шаршембисинде өтөт" деп өзгөртүлгөнүн белгиледи.
"Азыр эле биз сунуш киргизип, "январдын акыркы шаршембисинде өтсүн" деп өзгөртүү киргиздик. Бул деген 27-январда президенттик шайлоо болот дегендик. Мунун себеби элдин шайлоого катышын камсыздоо, кворум түзүү. Сиздер жакшы билесиздер, буга чейин да элдин шайлоого аз келерине нааразылык айтылып келген. Мисалы, Бишкекте добуш берүүгө шайлоочулардын 15% ашууну гана келишчү", - деди Маматалиев.
Спикер ошол эле учурда президент жаңы мыйзамга кол коюп, ага жараша шайлоо өтүүчү күндү белгилөөсү керектигин кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 24-июндагы отурумунда “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоорун 2-3-окуудан карап, кабыл алды.
Кыргызстандын азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттикке 2021-жылы январда мурдагы Конституция менен 6 жылга шайланган. Бирок ошол эле жылдын апрелиндеги референдумда жактырылып, май айында кол коюлган жаңы Конституция кабыл алган маалда бул биринчи мөөнөт катары каралары мыйзам менен белгиленген. Ошол себептүү юристтер ал 5 жылдык дагы бир мөөнөткө гана шайланууга укугу бар экенин билдирип келишет.
Талаштуу пикирлерден улам быйыл февралда президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, Баш мыйзамдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүүнү өтүнгөн.
Конституциялык сот “2027-жылы президенттик шайлоо өтөт жана муну менен Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт” деген чечим чыгарган.(ZKo)