Үстүбүздөгү айда эки ирет пилотсуз учактардын соккусуна кабылган Москвадагы мунай иштетүүчү заводдун иши жылдын аягына чейин жанданбашы мүмкүн. Бул тууралуу тармактагы эки булакка шилтеме менен Рейтер агенттиги жазды.
Маалыматта билгиленгендей, заводдун токтоп калышы "Орусиянын күйүүчү май тартышытыгы менен күрөшүн татаалдаштырды". Бензин менен дизелдин таңсыктыгы акыркы күндөрдө өлкөнүн бир топ аймактарында, арасында Москвада өзгөчө катуу сезилүүдө.
"Газпромнефть" компаниясына таандык сөз болгон завод орус башкалаасынын Капотня районунда жайгашкан.
Спутниктен тартылган сүрөттөр мунай тазалоочу эки жабдуу жана бир нече резервуар зыян тартканын далилдеди.
Рейтердин булактарынын бири "оңдоо иштерине бери дегенде жарым жыл кетерин" айтты.
"Газпромнефть" агенттиктин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
Украиналык дрондордун соккулары Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорунун бир тобуна залакасын тийгизди. Европалык бөлүктөгү ири ишканалардын дээрлик бардыгы чабуулга туш болду. Июнда күйүүчү май тартыш болуп, баалар асмандады.
24-июнга карай бензин менен дизел сатуу 20дан ашуун региондо чектелди жана бул сан өсүүүдө.
Шейшембиде вице-премьер-министр Александр Новак кризистен улам Орусия дизелдин экспортуна тыюу салууну караштырып жатканын билдирди. Андан тышкары кара майды тыш жактан ташып келүү мүмкүнчүлүгү да жокко чыгарылбайт.