Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Лондондо тажикстандык киши 13 жаштагы кызды зордуктоо аракети үчүн 12 жылга кесилди

Абдулманнон Алиев
Абдулманнон Алиев

Лондондо тажикстандык киши 13 жаштагы кызды зордуктоо аракети үчүн 12 жылга кесилди. Айыпкер ага жалаа жабышканын айтууда.

Тажикстандын жараны ага чейин Англиядан качкын макамын сурап кайрылган.

50 жаштагы Абдулманнон Алиев былтыр июнда жашы жетелек кызга каршы сексуалдык мүнөздөгү аракет көргөн деген шек менен камалган. Өкүм ушул шейшембиде чыкты.

24-июнда The Telegraph басылмасы соттук териштирүүнүн чоо-жайын чыгарды. Ага ылайык, сот Алиев поездде жалгыз бараткан өспүрүмдүн жыныстык органдарын кармалаганын жана аны зордуктоого аракеттенгенин аныктады.

Айыпталуучу күнөөсүн четке какты жана тери оорусунан жабыркаганын, кыздын көзүнчө денесин тырмалаганын айтты.

Судьянын айтымында, анын күнөөсүн далилдеген фактылар, күбөлөр бар. Алалдын бири Алиевден жоругун токтотууну талап кылганын, бирок ал кызды кармалоо аракетин улантканын айтып берген.

Сот тажик жараны мындай аракетти кайталашы мүмкүн деп, ал “сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасаган кишилердин” тизмесинде өмүр бою каларын маалымдады.

Британиялык медиа Алиев кылмыш жасабаганын, ага жалаа жаап жатышканын, аялы менен алты кызы бар экенин айтканын жазышты.

Британ бийлиги ал депортация болорун билдирди.

«Азаттыктын» тажик кызматы Алиевдин Тажикстандагы жакындарын табууга аракеттенди, бирок азырынча майнап чыга элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG