Бишкек: Кытайлык жумушчуларга салынып жаткан жатакананын курулушу токтотулду

Кытайлык жумушчулар үчүн мыйзамсыз курулуп жаткан жатакана. Бишкек. 25-июнь, 2026-жыл. (Министрлик тараткан сүрөт)

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы калаада кытайлык жумушчулар үчүн мыйзамсыз салынып жаткан жатакананын курулушун токтотту.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу жатакананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары сакталган эмес.

"Аталган объектте курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Ошондой эле объект мамлекеттик курулуш реестрине катталбай туруп иштеп жаткандыгы белгилүү болду", - деп жазылган маалыматта.

Натыйжада “Янцзы” жеке ишканасына карата протокол түзүлүп, Укук бузуулар кодексинин негизинде 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти бардык курулуш компанияларын мыйзамдарды так сактоого чакырды.(ZKo)

Дагы караңыз

Венесуэладагы кош зилзала, кыйроолор жана курмандыктарФархат Иминов депутаттын "инвестордон акча талап кылуу" тууралуу билдирүүсүн четке кактыМурдагы ӨКМ башчысы Ажикеевдин ишмердүүлүгүн текшерүү талап кылындыReuters: Орусия Казакстандан бензин импорттоону көздөөдө“75чилердин каты” боюнча соттук отурумда күбөлөр суралууда