1-июлдан тартып Орусияга кирүү үчүн «Госуслуги RuID» тиркемеси керек

Кыргызстандык эмгек мигранттары Москвадагы Шереметьево эл аралык аэропортунда Бишкекке уча турган репатриациялык каттамды күтүп турушат. 17-май, 2020-жыл.

1-июлдан баштап чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар Орусияга кирүү үчүн «Госуслуги RuID» тиркемесин колдонушу керек болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов “Биринчи радиого” 25-июнда билдирди.

Байбосовдун сөзүнө караганда, Орусияга иштөө, окуу же башка максат менен бара турган кыргызстандыктар 72 саат мурда тиркеме аркылуу электрондук арыз тапшырышы керек.

Арыз жактырылгандан кийин берилген QR-код чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө көрсөтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдарда, мисалы, жакын тууганы катуу ооруп калса же каза болсо, арызды Орусияга кирерден төрт саат мурда тапшырууга уруксат берилет.

Ал эми 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн арызды ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү берет. Бул үчүн алардын өзүндө Орусияга кирүүгө жарактуу уруксаты болушу шарт.

«Госуслуги RuID» тиркемесин App Store, Google Play, RuStore жана AppGallery платформаларынан жүктөп алууга болот.

Бул тиркеме былтыр эле чыккан. Андан бери эксперименталдык тартипте колдонулуп келген.

Тиркемени бир катар укук коргоочулар сындап чыгышкан. Алардын айрымдарынын пикиринде, мындай эрежелер ЕАЭБ келишимдерине туура келбейт.

Укук коргоочулар чет өлкөлүк жарандардын ой-пикирине карабай эле алардын жеке жана биометрикалык маалыматтарын алуу эл аралык адам укуктарына да карама-каршы келерин белгилешет.

Дагы караңыз

Изилдөө: Бай өлкөлөр мигранттардан олуттуу экономикалык пайда көрүп жатышатМунай баасы Жакынкы Чыгыштагы согушка чейинки деңгээлге түштү“Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуя териштирилет