Венесуэлада катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 26-июнга карата кеминде 235ке жеткенин өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадонун айткандарына таянып BBC жазды.
Миңдеген адамдардын дайыны дагы эле табылбай жаткандыктан курмандыктар саны мындан кыйла көп болушу ыктымал экени айтылууда.
Өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригестин айтымында, кеминде 2927 үй-бүлө үй-жайынан ажырады.
Жалпы Венесуэлада өзгөчө абал жарыяланган. Өлкөдө 24-июнда 7,2 жана 7,5 баллдык катуу жер титирөө болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, экинчи силкинүү бир мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында катталган.