АКШ аскерлери 28-июнга караган түнү да Ирандын аймагындагы "көптөгөн бутага" сокку урганын, буга Тегерандын коммерциялык кеме кыймылына каршы "агрессиясы" себеп болуп жатканын билдиришти.
АКШ президенти Дональд Трамп, өз кезегинде, Иран жок болушу ыктымал деп эскертти:
"Америкалык учактар атышууну токтотуу тууралуу келишимди кайрадан бузгандыгы үчүн жаңы эле Ирандын ракета жана учкучсуз учак кампаларына, ошондой эле жээктеги радиолокациялык станцияларына сокку урушту. Акыл калчап иш кыла албай кала тургандай учур келиши мүмкүн жана биз баштаган ишти аскердик жол менен бүтүрүүгө аргасыз болобуз. Эгер андай болсо, Иран Ислам Республикасы жок болот", — деп жазды ал социалдык түйүнүнө.
Ошондон бир нече сааттан кийин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жооп катары АКШ менен байланышы бар объектилерге ракета жана дрон менен сокку урганын маалымдады. Кувейт жана Бахрейн өлкөлөрү аймагына снаряд түшкөнүн билдиришти.
Сакчылар корпусу ошону менен катар атышпоо режими тууралуу келишимди бузган кандай гана аракет болбосун, "бардык дипломатиялык процесстерди толук токтотууга алып келет" деп эскертти.
Бир күн мурда да АКШнын аскерлери Тегерандын Ормуз кысыгындагы соода кемесине жасаган чабуулуна жооп иретинде Ирандын объектилерине сокку урганын, бул Вашингтон менен Тегерандын ортосунда макулдашылган элдешүү келишимине жаңы коркунуч туудурганын билдирген.
Ирандын мамлекеттик басылмалары снаряд өлкөнүн түштүгүндөгү, америкалык аскерлердин улам бир соккусуна кабылып келаткан Сирик аймагына түшкөнүн жазышкан. Өлкөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу аскер-деңиз флоту буга жооп катары аймактагы америкалык аскерий объектилерге сокку урганын билдирген.