Кыргыз өкмөтү 2026–2027-окуу жылын жалпы билим берүү уюмдарында 15-сентябрда баштап, 2027-жылдын 25-майында аяктоону пландоодо. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитинин жана өлкө эгемендигинин 35 жылдыгын өткөрүүгө байланыштуу сунушталууда. Бул тууралуу 27-июнда Агартуу министрлиги билдирди.
“Жалпы билим берүү уюмдарында окуу программаларынын жана окуу пландарынын толук аткарылышын камсыздоо максатында окуу процессине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Бул багытта токтомго өзгөртүү киргизилип, бекитилди”, - деп жазылган маалыматта.
Токтомго ылайык, башталгыч класстар үчүн салттуу беш күндүк окуу режими сакталат. Ал эми жогорку класстар үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда.
Окуу жыл ичинде кайсы ишемби күнү окуу болорун мугалимдердин, ата-энелердин сунушун эске алуу менен уюштуруу сунушталат.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (КЕ)
Шерине