27-июнда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Рават айылында нөшөр жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош–Раззаков унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан сырткары катуу шамалдан улам айрым жерлерде бактар сынып, электр чубалгыларына зыян келтирилди.
Учурда жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Келтирилген зыянды тактоо иши уланууда.
23-июнда Баткендин Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айылдарында сел жүрүп, өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Анын кесепетинен эки үй авариялык абалга келип, жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн. (JsA/KE)
Шерине