Киев баллистикалык ракеталар менен аткыланды

Украина, Сумы. Архив сүрөт.

Орусия 28-июнга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киевди баллистикалык ракеталар менен аткылады. Украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү Telegram каналында шаарга "баллистика" учуп баратканын эки жолу - жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:00 жана 02:30 чамасында эскерткен.

Бир нече жарылуу болду. Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко эки адам жабыркаганын билдирди. Ошол эле райондо бир нече жерде өрт чыкты.

Харьков, Днепр, Сумы, Запорожье, Донецк жана Днепропетровск облустарына, өлкөнүн башка шаарларына жана аймактарына учкучсуз учак, ракета жана башкарылуучу авиабомба менен жапырт чабуул коюлганы да маалымдалууда.

Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты. Соңку жылдары украин армиясы да Орусиянын аймактарына чабуулдарын күчөтүүдө.

Дагы караңыз

АКШ Ирандын аймагына кайрадан сокку урганын билдирдиКелерки окуу жылы 15-сентябрда башталып, 25-майда жыйынтыкталатКара-Балтада таштанды полигонун куруу маселеси талкууланды"Сууга жолобогула". Өспүрүмдү издеген ыктыярчыларга кайрылуу