27-июнда Баткен облусунда болгон катуу шамалдын жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада жол каттамдары толугу менен ачылып, учурда автоунаалардын кыймылына эч кандай чектөө жок.
Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган аймактарда электр берүү калыбына келтирилди. Учурда Баткен районунун Бөжөй айылындагы 147 абонентке гана электр энергиясы бериле элек. Облустук басма сөз кызматы учурда бул багыттагы калыбына келтирүү иштери уланып жатканын кабарлады.
Маалыматта ошондой эле ичүүчү суу менен катар сугат суу да үзгүлтүксүз берилип, суу чарба объектилери штаттык режимде иштеп жатканы айтылды.
Шамал учурунда айрым ишканалардын жана абоненттердин интернет линиялары үзүлгөн. Аларды калыбына келтирүү боюнча оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү комиссия катуу шамалдан жабыркаган үйлөрдүн, социалдык объектилердин жана чарбалык курулуштардын санын тактап жатат.
27-июнда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Рават айылынын аймагында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош—Раззаков унаа жолу убактылуу жабылган. Андан сырткары катуу шамалдан улам айрым жерлерде бак дарактар сынып, электр чубалгыларына зыян келтирилген.(JsA/ZKo)