Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 26-июнда Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгынан чыгуу жана кыргыз жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, кыргыз жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздар, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт.

Жарлыктарда канча адам жарандык алганы же чыкканы тууралуу тизме же маалымат берилген эмес.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштаган. Ага чейин тизме ачык жарыяланып келген.

2023-жылы августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону кызуу талкууланган. 2024-жылы орусиялык ондогон таанымал жарандар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыкта Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

2024-жылы 23 миңден ашуун киши Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG