Эсеп палатасынын кызматкери 900 миң сом пара алууга шек саналып кармалды

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору (Д.М.Ы) пара алуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө ал жердеги айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн 900 миң сом алган деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (“Ири өлчөмдө пара алуу”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 26-июнда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат ушул тапта кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Тургунбек уулу “шайлоодо айрым талапкерлерге шарт түзгөн” деген сөздү четке кактыБаткен: Катуу шамал менен селдин кесепетин жоюу иши улануудаАКШ Ирандын аймагына кайрадан сокку урганын билдирдиКыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталдыКиев баллистикалык ракеталар менен аткыланды