Ысык-Көлдө кайырмак менен балык кармоонун баасы төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушкан учур.

Ысык-Көлдө кайырмак менен балык уулагандар төлөй турчу төлөмдү түшүрүү сунушу берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти токтом долбоору президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө балык уулагандар менен жолугушкандан кийин иштелип чыкканын билдирди.

Ага ылайык, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо менен алектенгендерге көлдө чабак жана сазан балыктарын кармоо үчүн төлөмдү 1 суткага 313 сом, 2 сутка, 463 сом, 3 сутка 613 сом кылуу сунушталды. Жилингир балыгын кармагандар 1 суткага 363 сом, 2 суткага 563 сом жана 3 суткага 763 сом төлөйт.

28-июнда социалдык тармактарда Садыр Жапаров көлдүн жээгинде балык уулап жаткандар менен жолуккан видеосу тараган. Анда балык кармап жаткандар балык уулоого күнүгө 600 сомдон төлөп жатышканын, бул кымбат экенин айтышканы кабарланган. Президент тиешелүү кызмат адамдарына ошол жерден телефон чалып, бааны түшүрүү тапшырмасын бергени айтылган.

Видео качан тартылганы белгисиз. “Ынтымак ордо” комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

“75чилердин каты”: жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулдуФранцияда ысыктан улам өлүмдүн көрсөткүчү жогоруладыЭсеп палатасынын кызматкери 900 миң сом пара алууга шек саналып кармалдыТургунбек уулу “шайлоодо айрым талапкерлерге шарт түзгөн” деген сөздү четке кактыБаткен: Катуу шамал менен селдин кесепетин жоюу иши улануудаАКШ Ирандын аймагына кайрадан сокку урганын билдирдиКыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды