Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды

Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн акция. (Архивдик сүрөт)

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында ушул жылдын 21-августтан 30-сентябрга чейин митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 25-июнда ушул эле райондун администрациясы бул убакыт аралыгында райондун аймагында тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу өтүнүчүн берип, сот аны канааттандырган.

Райондук сот 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитеттин (УКМК), Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу төрт жылдан бери утур-утур узартылып келатат. Башта мындай тыюу кайра-кайра үч айга узартылып келсе, бул жолу 21-августтан 30-сентябрга чейин деп белгиленди.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеӊеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып сот, прокуратура жана башка жерлердин алдында гана акция өткөрүүгө тыюу салынганын, Бишкектеги Горький бакчасында митинг-пикеттерди кенен өткөрө берүүгө болорун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө кайырмак менен балык кармоонун баасы төмөндөйт“75чилердин каты”: жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулдуФранцияда ысыктан улам өлүмдүн көрсөткүчү жогоруладыЭсеп палатасынын кызматкери 900 миң сом пара алууга шек саналып кармалдыТургунбек уулу “шайлоодо айрым талапкерлерге шарт түзгөн” деген сөздү четке кактыБаткен: Катуу шамал менен селдин кесепетин жоюу иши улануудаАКШ Ирандын аймагына кайрадан сокку урганын билдирдиКыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды