Пакистандын армиясы Ооганстан менен чектеш аймактарга жасаган аба соккуларынан ондогон адам каза болду. Исламабад бул аймактар пакистандык жоочулар чабуул уюштурган базалар катары колдонулуп жатканын жүйө кылса, Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтү соккулар жай тургундарды бутага алганын айтууда.
"Талибан" өкмөтүнүн өкүлүнүн орун басары Хамдулла Фитрат 29-июнда X социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө Пакистандын армиясы Пактия, Пактика жана Кунар провинцияларына сокку урганын маалымдады.
Анын айтымында, чабуулдан 36 жай тургундун өмүрү кыйылганын, арасында балдар дагы болгонун билдирди. Андан тышкары 163 адам жараат алганы кабарланды.
Ал эми Пакистандын маалымат министри Атаулла Тарар өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Ооганстандын аймагындагы "террористтик лагерлерге жана баш калкалоочу жайларга" так сокку урганын билдирди.
Анын айтымында, операциянын жүрүшүндө жоочулар жок кылынып, курал-жарак жана ок-дары кампалары талкаланган.
Тарар ошондой эле Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Бажаур районунда, Ооганстан менен чек арага жакын жерде чалгын маалыматтарынын негизинде кургактагы аскердик операция өткөрүлгөнүн айтты.
Пакистан бийлиги билдиргендей, операция "Фитна аль-Хавариж" деп аталган топторго каршы жүргүзүлгөн. Исламбад бул топту өлкөдө тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмуна байланыштырып келет.
28-июндагы чек арадагы соккулар менен жердеги операциядан үч жума мурун, 10-июнда Пакистан Ооганстандагы жоочулардын болжолдуу жашыруун жайларына дагы абадан сокку урган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы салыштырмалуу бир айлык тынч мезгилди аяктады.
Исламабад буга чейин да Кабулду "Техрик-и-Талибан Пакистан" жана ага байланыштуу куралдуу топторго башпаанек берип жатат деп бир нече жолу айыптаган.
Пакистан бул топторду өлкөдөгү кол салууларды уюштуруп жатат деп эсептейт. Ал эми оогандык талибдер бул дооматтарды четке кагып, мындай топтор Пакистандын ички көйгөйү экенин билдирип келет.