Венесуэладагы кыйроо: "Куткаруучулар аз, жардам керек"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Венесуэлада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны өсүүдө. Убакыт өткөн сайын аман калгандарды табуу ыктымалдыгы төмөндөгөнү менен жергиликтүүлөр жакындарын куткаруу аракетин ыкчамдатууну, техниканы тартууну талап кылууда. 25-июнга караган түндө бир мүнөттүн ичинде жер эки ирет силкинип, ири кыйроолорго алып келген. Соңку расмий маалымат боюнча набыт болгондордун саны бир жарым миң адамга жетти. Дагы үч миңден ашууну жаракат алды. Бирок маалымат каражаттары 50 миңден көп киши дайынсыз болуп жатканын кабарлашууда.