Казакстанда аскерлерди жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча машыгуулар өтүүдө

Казакстандын төрт облусунда өткөн аскердик машыгуу. 2023-жыл, сентябрь.

Казакстанда аскерлерди жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча комплекстүү тактикалык машыгуулар өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, машыгуулар 29-июндан 2-июлга чейин Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде өткөрүлөт.

"Иш-чаралар аскер кызматкерлеринин жана бөлүктөрдүн жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү учурундагы практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган", – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Коргоо министрлиги бул пландалган машыгуулар экенин белгиледи. Алар негизинен аскер бөлүктөрүнүн аймагында жана окуу полигондорунда өтөт.

Айрым бөлүктөр окуу полигондоруна жана окуу борборлоруна марш жасашат. Буга байланыштуу айрым аймактардагы жолдордо автоунаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши ыктымал экенин министрлик эскертти.

2026-жылдын май айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ANKA учкучсуз учактарын чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ал эми 2023-жылы "Түштүк" аймактык командачылыгынын аскер кызматкерлери бул дрондорду тажрыйбалык максатта пайдаланууну баштаганы кабарланган.

Дагы караңыз

Трамп Иран менен сүйлөшүү Дохада өтөрүн билдирди, Тегеран бул маалыматты четке какты Путин менен жолугушууну талап кылган мурдагы аскер камалдыКазакстандын Сенаты тарыхтагы акыркы жыйынын өткөрдү