Орусия күйүүчү майды чет жактан импорттоону караштырууда

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Архив

Орусия башка өлкөлөрдөн мунай продукциясын ташып келүү ыктымалдыгын талкуулап жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тараптар баа боюнча мунасага келсе, Москва чет жактардан күйүүчү май импорттоого даяр деп билдирди.

Бирок кеп кайсы өлкөлөр тууралуу жүргөнү айтылган жок.

«Муну менен рынокту турукташтырууга жана ажиотаж болуп аткан талапты жөнгө салууга дагы бир кадам жасайбыз», - деп айтты Песков.

24-июнда Рейтер агенттиги булактарына таянып, Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган.

Казакстандын бийлиги ошондо мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий четке каккан.

Өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов 26-июнда Москвадан күйүүчү май жеткирүү боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн, андай өтүнүч түшсө, өкмөт аны караштырарын айтты.

Агенттиктин маалыматына ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 25% азайды.

Украина өз аймагын күн сайын аткылаган орус армиясын күйүүчү май менен камсыздаган энергетикалык комплекстерди бутага алып келатат.

Соңку соккулардан улам Орусияда бензин менен дизел тартыш болгону кабарланууда. Москва күйүүчү майдын экспортун чектеди жана кара майды импорттоону караштырууда.

Дагы караңыз

Прокурор Ташиев баштаган сегиз кишиге тогуз жыл сурады. Сот кандай чечим чыгарат? Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” туратКара май кризиси: Орусия резервин колдоно баштады, Кыргызстанда АИ-95 тартыш