30-июнда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандын баш прокурорунун милдетин убактылуу аткаруу Бектурганов Малик Маамыталиевичке жүктөлдү. Бул тууралуу маалымат “Ынтымак Ордонун” сайтына жарыяланды.
51 жаштагы юстициянын генерал-майору баш прокурордун биринчи орун басарлыгына быйыл 14-февралда дайындалган.
Бектурганов 1974-жылы Фрунзе шаарында туулган, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
Баш калаанын райондук, шаардык прокуратураларында, Башкы прокуратурада эмгектенген.
2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан бери башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.
Ушул эле күнү баш прокурор Максат Асаналиев кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.