Ирандын өкүлү АКШ менен макулдашуу боюнча жумуш топтору түзүлгөнүн билдирди

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади. Архив

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади АКШ менен кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунда белгиленген шарттардын аткарылышына байкоо салуу үчүн жумуш топтору түзүлгөнүн билдирди. Дохада америкалык расмий адамдар менен түз эмес жолугушууларга катышкан дипломаттын айтымында, ал топтор тынчтык келишиминин долбоорун талкуулашат.

Гарибабади тараптар ошол форматтагы алгачкы сүйлөшүүлөрдүн убактысын жана жерин аныктоо боюнча арачылар аркылуу консультацияларды жүргүзүп жатканын, зарыл болгон шарттар аткарылганда кездешүүлөр башталарын кошумчалады.

ISNA кабар агенттигинин маалыматы боюнча, Дохадагы жолугушуудан кийин Иран, Катар жана Пакистандын делегация башчылары өзүнчө жыйын куруп, убактылуу макулдашууну ишке ашыруу жараянын талкуулашты.

Ирандык расмий өкүлдөр буга чейин Дохада тикелей сүйлөшүүлөр болбойт, америкалык чабармандар Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен кездешүүлөр пландалган эмес деп белгилешкен.

Вашингтондун делегациясы шейшембиде Катардын өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани менен жолугушту.

Маалыматка караганда, жыйында АКШ менен Иран ортосундагы диалогдун айланасында кеп болду.

Дагы караңыз

"Тез жардам, өрт өчүргөн машинеге да бензин жок". Орусиядагы кризис "Президенттик шайлоого байланыштуубу?" Күч органдарындагы кадрдык алмашууКадрдык жүрүш: УКМК жетекчиси, баш прокурор алмашты