Өзбекстанда калктын саны 39 миллиондон ашты

Ташкент облусундагы төрөткана. Өзбекстан, 9-октябрь, 2025-жыл

Өзбекстандын калкы быйылкы жылдын 15-январына карай 39 млн 47 миң 321 киши болду. Эл каттоонун алдын ала маалыматы менен 30-июнда өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бекзод Хамраев тааныштырды.

Анын айтымында, калктын иш жүзүндөгү саны учурдагы ститистикалык көрсөткүчтөрдөн 810,6 миң кишиге же 2,1% көбүрөөк болуп чыкты. Ошол эсепте өлкөдө 38,24 млн киши жашап жатканы айтылган.

Хамраев ишке жарамдуу чектен төмөн болгондор 12,5 млн кишини түзгөнүн, ишке жарамдуу жаштагылар 21,7 млн экенин белгиледи.

Эл каттоонун алдын ала эсептерине ылайык, эркектердин саны 19,77 млн же жалпы калктын 50,6%, аялдар 19,28 млн же 49,4% түзөт.

Эң чоң этностук топ өзбектер, андан кийинки орунда тажиктер, каралкалпактар, казактар жана орустар турат. Кыргыздар кошуна өлкөнүн калкынын 0,56% түзөт.

Андан тышкары Өзбекстанда малдын, айдоо аянттарынын жана башка айыл чарба объектилеринин статисткасы жарыяланды.

Дагы караңыз

Украина мунай заводдорун, Орусия май куюучу жайларды бутага алууда"Президенттик шайлоого байланыштуубу?" Күч органдарындагы кадрдык алмашуу"Тез жардам, өрт өчүргөн машинеге да бензин жок". Орусиядагы кризис