Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоор, “Э” жана “Е” тамгаларынын колдонулушу боюнча комментарий берди.
Ал 2-июлда Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, бул боюнча Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары жеке сунушун коомдук талкууга чыгарганын кошумчалады.
“Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!”, - деди ал.
25-июнда Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөн. Ага мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев да катышкан.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоор тил комиссиясынын сайтына жарыяланган. Андагы “Э” жана “Е” тамгаларынын колдонулушуна байланыштуу маселе коомчулукта талкууланып жатат. Сунушталган долбоордо чет элден кирген сөздөрдө “Э” тамгасын колдонуу, кыргыз тилиндеги сөздөрдү “Е” менен жазуу демилгеси бар. (BTo)