Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ысык-Көлдө сел эс алуу жайлары менен турак үйлөрдү каптады

Селдин кесепети. Иллюстрациялык сүрөт.
Селдин кесепети. Иллюстрациялык сүрөт.

1-июлдун кечинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Арча Макс” конок үйүнүн короосун суу каптап, “Лукоморье” эс алуу жайынын имаратына сел кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облусу боюнча,
куткаруучулар “Лукоморье” пансионатынан 24 адамды эвакуация кылып, жакын жайгашкан конок үйлөрүнө жайгаштырган.

Ал эми Тору-Айгыр айылында 2-июлга караган түнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, айылдагы бир көчөнү суу каптап, алты турак жайдын короосуна суу кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Бетон завод ишканасынан жана “Чайна роуд” компаниясынан алты техника тартылды.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG